Кытай армиясы Американы Индо-Тынч океан аймагында багынта алат

Иликтөөлөрдүн натыйжасында Кытайдын аскердик мүмкүнчүлүктөрү АКШны Индо-Тынч океан аймагында багынтууга кудуреттүү экени аныкталды.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык,  Сидней ЖОЖундагы америкалык маалыматтар борборунун жаңы билдирүүсү боюнча Индо-Тынч океан аймагы Кытайдын ыктымалдуу чабуулунан коргонууга мүмкүнчүлүгү жокко эсе экени белгилүү болду.
Бул билдирүүдө Кытайдын күндөн күнгө көбөйүп жаткан арсеналдары, алыс аралыкка таамай учкан ракеталары, Тынч океандын батыш аймагындагы АКШнын бардык аскердик базаларына, портторуна жана аэропортторуна чоң кооптуулук туудурат деп айтылган.

Американын маалыматтар борбору буга кошумча АКШнын Улуттук Коргоо стратегиясынын иш-кагаздарында камтылган белгилүү максаттарына жетиши акыйкаттан алыс экендигин жарыялаган.

Белгилей кетсек, бул иш-кагазда 2018-жылы Пентагонго Американы өз атаандаштары Кытай менен Орусиядан алдыда кармоо планын аткаруу талабы коюлган.

Отправить комментарий