Иран ашканасы: Хореш сабзе фесенжан

Хореш сабзе фесенжан Ирандын Мазендеран провинциясынын өзгөчө тамагы. Бул тамак көбүнчө демделген күрүч жана туздалган же ачкыл жашылчалар менен берилет. Бул туурасында Seeiran интернет-порталы жазды.

Хореш сабзе фесенжан тамагын даярдоого керектелүүчү азыктар (8 үлүш).
Анар ширеси: 1 аш кашык
Киндзя: 200 гр
Шпинат: 200 гр
Сарымсак: 4 даана
Пияз: 1 даана
Жанчылган жаңгак: 0,5 кг
Козунун жилик эти: 1кг
Корица, туз: татымына жараша
Май: ченемине жараша
Даярдоо ыкмасы:
Казанга майды тактап, майда тууралган пиязды кызарта кууруп, тууралган эттерди кошуп кууруйбуз. Андан соң, үстүнө майдаланган жаңгак унун, татымалдарды кошуп аз отко шашпай аралаштырып кууруйбуз да үстү көмүлгөндөй суу куюп, эти бышканча аз отто кайнатабыз.
Көңүл бурулуучу нерселер: 1. Хореш сабзе фесенжанга ачкыл анар томаты колдонулушу абзел.
2. Жиликтүү кой эттин ордуна котлет этин кошсо болот. Тамагыңар таттуу болсун!

Отправить комментарий