Эки жаман мүнөз.

Ыймансыз кетүү коркунучу болгон эки жаман мүнөздүн биринчиси – текебердик, экинчиси – өжөрлүк. Өжөрлүк “мен айткан гана туура, мен гана туура сүйлөймүн” дегенди билдирет. Текебердик же өжөрлүк кылган адам капыр болбойт, бирок, бул эки жаман мүнөз адамды куфурга тартат. Ичкилик, зина, ачык жүрүү сыяктуу күнөөлөр да убакыт өтүп көнүмүш болуп, кадимки нерсе болуп калса жана эч көңүл бурулбай кылына берсе булар дагы куфурга түшүрөт.

Текебердик жана өжөрлүк андан да коркунучтуу. Экө тең адамдын өзүн жактыруусунан улам пайда болот. “Куфурдан кийин эң чоң күнөө текебердик. Куфурга эң жакын болгон күнөө болуп саналат”, – деп билдирилди. Алсыз адамдын текебердик кылуусу өтө кызык. Улук болгон зат жалгыз гана Аллаху таала. Аллаху таала: “Улуктук менин гана сыпатым, кимде-ким менин сыпатыма шерик болууга аракет кылып текебердик кылса, эч ырайым кылбай Тозокко ыргытамын”, – деп билдирди. Раббибиз күнөөлөр үчүн мындай деп айтып жаткан жок. Күнөөлөр канчалык чоң болсо дагы кечире турганын билдирүүдө. Пайгамбарыбыз алейхиссалам дагы: “Кымындай кибир ээси болгон адам Бейишке кире албайт”, – деп билдирди. Текебердиктин башка күнөөлөрдөн да чоң экенинин себеби төмөндөгүдөй:

Улуктук жалгыз гана Аллаху таалага таандык болуп турганда пенденин текебердик кылуусу бир кулдун падышасынын тажысын башына кийип, анын тагына отуруп алып, өкүм кылуусуна окшойт. Падышанын бир буйругун аткарбай күнөө кылуу менен падышалыгына ээлик кылып, анын тагына отуруп алып буйрук берүүнүн арасында албетте чоң айырмачылык бар. Мына ошондуктан, текебердик кылуу Аллаху тааланын буйруктарын аткарбоо сыяктуу бир күнөө эмес, анык Кудай болууга тырышуу сыяктуу чоң күнөө болууда. Ушундан улам куфурга эң жакын күнөө деп аталган.

Текебер адамдын шагын сындыруу үчүн ага каршы текебер болуп көрүнүү сооптуу. Текебер адамга тавазу кылуу (кичи-пейилдүү болуу) абдан жаман нерсе. Пайгамбарыбыз алейхиссалам болсо: “Текеберге текебер болуп көрүн, аны кор кылган жана төмөндөткөн болосуң”, – деп айтууда.

Өжөрлүк өзүн көрсөтүүгө берилгендиктен, көралбастыктан, жаман көрүүчүлүктөн же тамахтан (ач көздүктөн) улам пайда болот. Дүнүйө лаззаттарына харам жолдордон ээ болууга аракет кылуу тамах (ач көздүк) деп аталат. Демек, бул жаман мүнөздөр адамды өжөрлүккө тартат, чындыкты, акыйкатты кабыл кылдырбайт. Хадиси шарифте: “Аллаху таала сүйбөгөн адам чындыкты кабыл кылууда өжөрлүк кылган адам”, – деп айтылды. Акыйкатты, чындыкты бир жаш бала айтса дагы дароо кабыл кылуу керек.

Комментарий жиберүү