95-Тиин сүрөсү

Меккеде түшүрүлгөн. Сегиз аяттан турат.
Сүрө биринчи аятта айтылган «Тиин» (Анжир) сөзү менен аталган.
بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
وَالتِّينِ وَالزَّيْتُونِ (1)
وَطُورِ سِينِينَ (2)
وَهَذَا الْبَلَدِ الْأَمِينِ (3)
لَقَدْ خَلَقْنَا الْإِنسَانَ فِي أَحْسَنِ تَقْوِيمٍ (4)
ثُمَّ رَدَدْنَاهُ أَسْفَلَ سَافِلِينَ (5)
إِلَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ فَلَهُمْ أَجْرٌ غَيْرُ مَمْنُونٍ (6)
فَمَا يُكَذِّبُكَ بَعْدُ بِالدِّينِ (7)
أَلَيْسَ اللَّهُ بِأَحْكَمِ الْحَاكِمِينَ (8)
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен…

1. Ант берем, анжир жана зайтун менен,
2. жана да Синай тоосу менен,
3. мына ушул «Коопсуз шаар» (Мекке) менен!
4. Чындыгында, Биз инсанды эң жогорку көркөм келбетте жараттык. (30:30)
5. Андан кийин Биз аны Тозоктун эң төмөнкү катмарына кайтардык.
6. Бирок, Аллага ишенген жана жакшылык иштерди кылгандар үчүн үзүлбөгөн сыйлыктар бар.
7. Мындан соң, Кыяматты жалган дешке сага эмне түрткү болуп жатат?
8. Аллах – өкүмдарлардын Өкүмдары эмеспи?!

Комментарий жиберүү