96-Алак сүрөсү

Меккеде түшүрүлгөн. Он тогуз аяттан турат.
Сүрө экинчи аятта айтылган «Алак» (Уюган кан) сөзү менен аталган. Эң алгачкы түшкөн сүрө.
بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
اقْرَأْ بِاسْمِ رَبِّكَ الَّذِي خَلَقَ (1)
خَلَقَ الْإِنسَانَ مِنْ عَلَقٍ (2)
اقْرَأْ وَرَبُّكَ الْأَكْرَمُ (3)
الَّذِي عَلَّمَ بِالْقَلَمِ (4)
عَلَّمَ الْإِنسَانَ مَا لَمْ يَعْلَمْ (5)
كَلَّا إِنَّ الْإِنسَانَ لَيَطْغَى (6)
أَن رَّآهُ اسْتَغْنَى (7)
إِنَّ إِلَى رَبِّكَ الرُّجْعَى (8)
أَرَأَيْتَ الَّذِي يَنْهَى (9)
عَبْدًا إِذَا صَلَّى (10)
أَرَأَيْتَ إِن كَانَ عَلَى الْهُدَى (11)
أَوْ أَمَرَ بِالتَّقْوَى (12)
أَرَأَيْتَ إِن كَذَّبَ وَتَوَلَّى (13)
أَلَمْ يَعْلَمْ بِأَنَّ اللَّهَ يَرَى (14)
كَلَّا لَئِن لَّمْ يَنتَهِ لَنَسْفَعًا بِالنَّاصِيَةِ (15)
نَاصِيَةٍ كَاذِبَةٍ خَاطِئَةٍ (16)
فَلْيَدْعُ نَادِيَه (17)
سَنَدْعُ الزَّبَانِيَةَ (18)
كَلَّا لَا تُطِعْهُ وَاسْجُدْ وَاقْتَرِبْ (19)
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен…

1. Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен,
2. Ал инсанды уюган кандан жараткан.
3. Оку! Сенин Эгең өтө Жоомарт-Берешен.
4. Ал (инсанга) калем менен жазууну үйрөткөн,
5. инсанга анын билбеген нерселерин үйрөткөн.
6. Жо-ок! Акыйкатта, инсан – чектен чыгып адашат,
7. өзүнүн байыганын көргөн кезде.
8. Акыйкатта, өз Эгеңе кайтуу бар!
9. Бут тосуп жаткан кишини көрдүңбү,
10. бир пенде намаз окуп жаткан кезде?
11. Кана айтчы, ал мүмкүн туура жолдо жүргөндүр,
12. же Кудайдан корккула деп буйруп жаткандыр?
13. Сен кантип ойлойсуң, мүмкүн ал акыйкатты жалган деп, жүзүн буруп жаткандыр?
14. Алла көрүп турганын кантип эле билбесин?
15. Жо-ок! Ант беремин, эгерде ал токтолбосо, Биз аны көкүлүнөн кармайбыз –
16. жалганчы жана күнөөкөр көкүлүнөн!
17. Ошондо мейли ал өзүнүн тобун чакырсын.
18. Биз болсо, Тозоктун азап берүүчү периштелерин чакырабыз.
19. Жок! Сен ага моюн сунба! Сажда кылып Жаратканга жакында!

Комментарий жиберүү