97-Кадр сүрөсү

Меккеде түшүрүлгөн. Беш аяттан турат.
Сүрө биринчи аятта айтылган «Кадр» (Кадыр-барктуу, даңктуу, улуу) сөзү менен аталган
بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
إِنَّا أَنزَلْنَاهُ فِي لَيْلَةِ الْقَدْرِ (1)
وَمَا أَدْرَاكَ مَا لَيْلَةُ الْقَدْرِ (2)
لَيْلَةُ الْقَدْرِ خَيْرٌ مِّنْ أَلْفِ شَهْرٍ (3)
تَنَزَّلُ الْمَلَائِكَةُ وَالرُّوحُ فِيهَا بِإِذْنِ رَبِّهِم مِّن كُلِّ أَمْرٍ (4)
سَلَامٌ هِيَ حَتَّى مَطْلَعِ الْفَجْرِ (5)

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен…

1. Акыйкатта, Биз Куранды Кадыр түнүндө түшүрдүк. (44:3-5)
2. Кадыр түндүн эмне экенин сен кайдан билмек элең?
3. Кадыр түнү – миң айдан да жакшыраак.
4. Ал түнү периштелер менен Рух (Жабрейил) Жараткандын уруксаты менен Анын буйруктарын аткаруу үчүн түшүшөт.
5. Ал түнү – таң атканга чейин бейпил-тынчтык өкүм сүрөт.

Комментарий жиберүү