104-Хумаза сүрөсү

Меккеде түшүрүлгөн. Тогуз аяттан турат.
بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ
وَيْلٌ لِّكُلِّ هُمَزَةٍ لُّمَزَةٍ (1)
الَّذِي جَمَعَ مَالًا وَعَدَّدَهُ (2)
يَحْسَبُ أَنَّ مَالَهُ أَخْلَدَهُ (3)
كَلَّا لَيُنبَذَنَّ فِي الْحُطَمَةِ (4)
وَمَا أَدْرَاكَ مَا الْحُطَمَةُ (5)
نَارُ اللَّهِ الْمُوقَدَةُ (6)
الَّتِي تَطَّلِعُ عَلَى الْأَفْئِدَةِ (7)
إِنَّهَا عَلَيْهِم مُّؤْصَدَةٌ (8)
فِي عَمَدٍ مُّمَدَّدَةٍ (9)
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен…

1. Бардык ушак айткан чагымчыга азап болсун!
2. Ал – мал-дүйнө топтоп, аны санаган.
3. Топтогон мал-дүйнөсү аны түбөлүктүү кылат деп ойлойт.
4. Жок, андай болбойт! Ал сөзсүз «Хутамага» ыргытылат.
5. «Хутаманын» эмне экенин билесиңби?
6. Ал – Алланын жагып койгон оту,
7. ал денени көзөп өтүп, жүрөктөргө чейин жетет.
8. Акыйкатта, ал алардын үстүнө жабылат.
9. Узундан-узун устундарда (чынжырлар менен байланган абалда азапталат).

Комментарий жиберүү