ИКУ Израилди жөөт конуштарын кеңейтип жаткандыгы үчүн айыптады

Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) Израиль бийлигинин Палестинанын басылып алынган жерлерине жаңы 2070 үй куруу чечимин айыптады. Бул тууралуу Mehr агенттиги кабарлады. ИКУнун башкы катчысы Юсуф бин Ахмед Эл Усейминдин айтымында, Израилдин бул аракети эл аралык мыйзамдарды ачык бузуу болуп саналат. Башкы катчы дүйнөлүк коомчулукту өз милдеттенмелерин аткарууга жана жаңы жөөт конуштарынын курулушун алдын алууга чакырды. Эске салсак, өткөн аптада Израил өкмөтү Иордан дарыясынын батыш жээгине жаңы 3900 үй куруу планын бекитерин билдирген. Белгилей кетсек, БУУнун…

Прочитайте больше

Парижде качкындар жаткан лагерлер көчөрүлүп жатат

Париждин полициясы мигранттар жайгашкан эки лагерди эвакуациялоону улантып жатат. Бул тууралуу France Info радиостанциясы кабарлайт. Мигранттар жаткан лагерлер Сан-Мартен, Порт-де-ла-Шапель каналынын жанында жайгашкан. Эске салсак, 30-майда Париждеги качкындар баш калкалаган ири лагерь башка жакка которулуп, миңден ашык адам убактылуу жашоочу пункттарга жиберилген.

Прочитайте больше

Газада 123 адам набыт болуп,13миңден ашууну жаракаталды

Газа секторунда демонстрация башталгандан бери израилдик аскерлердин колунан 123 адам набыт болуп, 13 миңден ашууну жаракат алды. Жаракат алгандардын 2200ү балдар жана 140ы аялдар. Бул тууралуу Палестинанын ММКларына таянуу менен Mehr агенттиги кабарлады. Газа секторунун Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз өкүлү Ашраф аль-Кидра 30-мартта “Кайтаруу маршы“ акциясы башталгандан бери азыркы учурга чейин 123 адам каза болуп, 13 миң 672 киши жаракат алганын тастыктады. Анын айтымында, 7451 киши орточо жана оор жаракат алган. Ал эми абалы…

Прочитайте больше

Түркиянын жээгинде мигранттар түшкөн кеме чөгүп кетти

Түркиянын жээгинде мигранттар түшкөн кеме чөгүп кетти

Түркиянын түштүк жээгинде Анталияга жакын жерде мигранттар менен бараткан кичине кеме сууга чөгүп, 9 адам каза таап, 1 киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, кемеде 15 мигрант болгон. Чөккөн кемеден беш адам Түркиянын жээк коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана балыкчылар тарабынан куткарылган. Курман болгондордун арасында 6 бала, 2 эркек киши жана 1 аял бар. Куткарылган адамдардын жарандыгы белгисиз.

Прочитайте больше