Тажикстанда күндүн ысыгы 40 градуска жетти

Тажикстандын Метеорологиялык борбору өлкөнүн кээ бир аймактарында абанын температурасы 40 градуска чейин жогорулаганын жарыялады. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Тажикстандын Метеорологиялык борбору өлкөнүн кээ бир аймактарында абанын температурасы 40 градуска жеткенин, айрым аймактарында андан дагы ашканын билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөнүн аймактарында алдыдагы жакынкы күндөрдө мындан дагы ысык болушу мүмкүн. Күндүн аптабы Тажикстандын түштүк тарабынан, тактап айтканда абанын температурасы 41-42 градуска жетип турган Хатлон облусу тараптан борборду көздөй келүүдө. Дүйшөмбү шаарында бүгүн аба ырайы булуттуу жана жаансыз…

Прочитайте больше

Францияда Нетаняхунун сапарына каршы нааразычылык акциясы өттү

Франциянын борбор шаары Парижде жана башка бир нече шаарларында жүздөгөн адамдар Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун сапарына каршы нааразычылык билдиришип, көчөлөргө чыгышты. Бул тууралуу Mehr агенттиги AFP агенттигине таянуу менен кабарлады. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху кечээ кечинде Парижге иш-сапары менен барган. Парижде 300дөй адам Нетаньяхунун Францияга жасаган сапарына каршы нааразычылык билдиришип, Палестинанын желектерин көтөрүп турушту. Алар Нетаняхуга каршы ураандарды кыйкырышып, аны аскердик кылмышкер деп аташты. Марсель шаарында дагы митингчилер аянтка чогулушуп, нааразычылыктарын билдиришти. Мындан тышкары, митинг…

Прочитайте больше

Кыргызстанда“ Борбор Азия жана Ирандын маданиятын жакындаштырууда Курандын ролу”аттуу эларалык илимий-практикалык конференция болду

Бишкектеги Эл аралык университетте аталган окуу жай менен Иран Ислам Республикасына караштуу Маданий өкүлчүлүк тарабынан “Борбор Азия жана Ирандын маданиятын жакындаштырууда Курандын ролу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул иш чарага Кыргызстан, Иран жана Түркиянын белгилүү дин аалымдары, эксперт-теологдор, философтор менен тарыхчылар, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери, КРнын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилиги, Ирандын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Али Можтаба Рузбехани, дин жаатында илимий иликтөөлөрдү жүргүзүп келаткан окумуштуулар жана Ирандан…

Прочитайте больше

ЮНИСЕФтин Афганстан тууралуу отчету

Афганстанда 7 жана 17 жаштарда, билим алуу чагындагы 3, 7 миллион бала согуш жана жакырдыктан улам билим ала албай жатат. ЮНИСЕФ тарабынан даярдалган бир отчет Афганстанда мектеп жашындагы балдардын жарымы согуш, барган сайын начарлаган коопсуздук жана жакырдык сыяктуу негиздер менен мектепке бара албагандыгын ортого салды. ЮНИСЕФтин акыркы жарыяланган отчетуна караганда 2001 – жылы АКШнын аскердик кийлигишүүсү менен Талибан режиминин кулатылышынан бери биринчи жолу мектепке барбаган балдардын катнашында төмөндөө болсо да сандары азыр да 3, 7…

Прочитайте больше

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков камакка алынды

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев чыгарды. УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү Сапар Исаковдун бөгөт чарасы тергөө аяктаганга чейин камакка алууга өзгөртүлгөнүн кабарлады. Мекеменин маалыматында 29-майда Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралганы эске салынган. Исаков бүгүн сурак бериш үчүн Улуттук…

Прочитайте больше