Австрия мечиттерди жабууда

Австриянын премьер – министри Себастьян Курз өлкөдөгү 7 мечитти жабышарын жана бир канча имамды өлкөдөн чыгарышарын билдирди
Австриянын премьер – министри жана оңчул Австрия элдик партиясынын лидери Себастьян Курз өлкөдөгү 7 мечитти жабышарын жана бир канча имамды өлкөдөн чыгарышарын билдирди. Чечимдин өлкөдөгү дин кызматкерлери тууралуу жүргүзүлгөн териштирүүнүн натыйжасында чыгаргандыгын билдирген Курз : «Параллель коомдор, саясий ислам жана радикалдашууга өлкөбүздө орун жок»,- деди.

Курз мындан мурда да Социал демократ партиясынын Вена муниципалитетинин мусулман коомдоруна берилген мамлекеттик жардамдары тууралуу «дагы катуу болушу керектигин» айткан болчу.

Комментарий жиберүү