Афганстанда акыркы 9 жылда 23 миңден ашуун жаран каза тапты

Афганстан адам укуктары комиссиясынын төрагасы Сима Семер борбор шаар Кабулда өткөргөн пресс – жыйынында комиссия катары жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгы жарандардын өлүмүнүн 69, 8 пайызынан террордук уюмдардын жооптуу экендигин аныкташкандарын айтты.

Айрыкча түрдүү кол салуулар жана кагылышуулардын айынан акыркы 9 жылда 40 миң 974 кишинин жаралангандыгын айткан Семер жоголгон кишилердин санынын 7, 5 пайызын аялдар, 17, 9 пайызын балдар түзгөндүгүн билдирди.

Семер өкмөт жетекчилеринин согушта курман болгондордун доосуна олуттуулук менен карабагандыгын айтып, жапа тарткандардын укуктарын коргоо үчүн мыйзам чыгаруу керектигин баса белгиледи.

Комментарий жиберүү