Балдардын начар тамактануудан оорусуна “Д” витамини көмөктөшөт

Илимпоздор начар тамактанган балдардын ден соолугун Д витамини менен жакшыртууга болоорун иликтешти.
Fars агенттигинин илимий тобунун маалыматына ылайык, Улуу Британия менен Пакистан илимпоздорунун биргелешкен изилдөөлөрүнүн натыйжасында начар тамактанган балдарга Д витаминин жогорку дозада берүү менен алардын салмактары жана баш мээлеринин өсүшүнө оң таасир тийгизилээри аныкталган.
CJTNдин билдирүүсүнө ылайык, бул жаңы изилдөөлөр “Куин Мэри Лондон” менен “Панжаб” ЖОЖу аркылуу аткарылган.
Белгилей кетсек, эки тараптуу изилдөөлөр дүйнөдөгү 5 жаштан төмөнкү начар тамактануудан улам жабыркаган 19 млн. баладардын өмүрүн сактап калуу жана ден соолуктарын чыңоого салым кошмокчу.
Учурда мындай ыкма менен даарылоодон 185 бала сакайып, ылайыктуу салмакка келишкен.
Эске салсак, Д витаминин жогорку дозада берүү бир гана начар тамактануудан жабыркаган балдарга колдонулат жана ден соолугу чың балдарга сунушталбайт.

Комментарий жиберүү