Лондондо метродогу жарылуудан 5 адам жабыркады

Кечээ, 19-июнда жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:03тө Лондондун түндүк метросунда жарылуу болуду.
Tasnim агентттигинин маалыматына ылайык, англиялык ЖМКалар жарылуу Southgate станциясында болгонун кабарлашкан.
Берилген маалыматтарга караштуу, окуядан кеминде 5 адам жабыркаган. Учурда полиция кызматкерлери жарылуунун себептерин иликтешүүдө. Ошондой эле жергиликтүү полиция метронун аялдамасында бир канча шектүү баштыктар табылгандыктан, тегерек четтерде жашагандарды тезинен өз үйлөрүн бошотуп чыгып кетүүлөрүн суранган.
Азырынча бул жарылуунун террорчулукка байланышы бар экени тактала элек.

Комментарий жиберүү