Сионисттик режимдин согушкерлери палестиналык коргонуучулардын жайларына чабуул жасашты

Сионисттик режимдин аба күчтөрү Газа секторунун түштүгүндөгү Хамастын 3 базасына чабуул койду.
Mehr агенттигинин Спутникке шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, сионисттик режимдин күчтөрү (IDF) 20-июнда өз Твиттер баракчасына режимдин (IAF) JET согушкер учактары Газа секторунун түштүгүндөгү Хамастын 3 базасына чабуул жасаганын жазып чыкты.
Белгилей кетсек, сионисттик режим бул чабуул Газа сектору тарабынан режимге карата жардыргыч шарлар менен күйүүчү шарлар аттырылганына жооп катары жасалганын билдиришкен.
Бул режим ошондой эле “палестиналык коргонуучулар басып алынган жерлерге 3 ракета аттырган”- деп ынандырышууда.
Сионисттик режим Хамас тарабынан кандай гана чабуул болбосун, катуу жооп кайтарышаарын баса белгилешти

Комментарий жиберүү