Ирандыктардын каны дүйнөдөгү ыктыярдуу тапшырылган кандардын эң тазасы болуп чыкты

Ыктыярдуу кан тапшыруу уюмунун басма сөз катчысы: Иранда тапшырылган кандар дүйнөдөгү ыктыярдуу тапшырылган кандардын эң тазасы экени аныкталды.
ISNA агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын ыктыярдуу кан тапшыруу уюмунун басма сөз катчысы Башир Хажибеги Ирандагы кандын саламаттуулугу тууралуу мындай деген: Өлкөбүздө жыл сайын орточо эсеп менен 1,5 млн. адам ыктыярдуу кан тапшырат. Акыркы 3 жылда 2,5 млн. плазма бирдиги ооруканаларыбыздан ашыкча чыгып, Германиядагы келишим түзүлгөн Биотест компаниясына жиберилген. Бул компания плазма уюмдарынан дары-дармек жасоо жобосунун негизинде жиберилген кандарды генетикалык А,В,С гепатит оорулары жана HIV вирусунун 1,2 стадиялары менен В 19 паравирусун изилдөө максатында атайын лабараторияда текшерүүдөн өткөрөт.
Доктордун айтымында, акыркы үч жылда Ирандан жиберилген кандардын арасында 2 гана А жана В гепатити табылган. Ошондой эле жиберилген 2,5 млн. плазма бирдигинде эч кандай HIV вирусунун 1,2 стадиялары менен В 19 паравирусу табылган эмес.
“Бул көрсөткүчтөр ирандыктардын канынын тазалыгын жана Иран коомундагы саламаттыкты сактоо деңгээлинин жогорулугун туюндурат”,- деди доктор Башир Хажибеги.

Комментарий жиберүү