Шакый оорусу жыл сайын Улуу Британиянын экономикасына 3,3 млрд. фунт зыян келтирет

Улуу Британиянын саламаттык сактоо министрлигинин берген жаңы статистикасы боюнча, шакый жыл сайын бул өлкөгө 3,3 млрд. фунт зыян келтирүүдө.
Fars агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, жаңы көрсөткүчтөр шакый оорусуна кабылган адамдар орточо эсеп менен бир жылда 33 күн катуу баш ооорулардан кыйналып жашайт. Изилдөөчүлөр бул оорунун себебин бейтаптардын кесиптерине жана жумуш шарттарына байланыштырышууда.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, шакый оорусу менен ооруган адам дарыланууга айына 26 фунт каржылайт.
Белгилей кетсек, иликтөөлөргө ылайык, АКШда 38 миллиондон ашуун, Улуу Британияда 6 млн. адам бул илдеттен жабыркап келет.
Ал эми дүйнө боюнча 10%дан ашуун адамдар шакый оорусу менен оорушат жана Америкада жыл сайын эркектердин 60%ы жана аялдардын 18%ы шакый оорусуна чалдыгышат.
Мурдагы изилдөөлөргө караганда, шакый оорусуна жазылган дарылардын көбү өзү баш оорутуучу дарылардан болуп саналат. Саламаттык боюнча адистердин айтымында, шакый менен ооругандар жашоо ыкмасын өзгөртүү менен анын таасирин азайтууга болоорун билдиришкен. Мисалы: дайым спорт менен машыгуу, салмакты азайтуу, туура тамактануу, шакый оорусун козгоочу нерселерден, атайын жыттардан алыс жүрүү жана башкалар.
Эске салсак, бул иликтөөлөр Лиссабондо өткөн европалык академиясынын Неврология боюнча конгрессинде берилген.

Комментарий жиберүү