Орусия Сирияга гуманитардык жардам жеткирди

Орусиянын Сириядагы касташкан тараптарды элдештирүү борбору орусиялык аскерлер Чыгыш Гутадагы Кафр-Батна кыштагында жашаган сириялыктарга гуманитардык жардам бөлүштүрүп бергендигин билдирди. Бул тууралуу Mehr агенттиги кабарлады. Аталган борбордун маалыматына караганда, Кафр-Батнанын жашоочуларына 7,5 тоннадай жардам бөлүштүрүлдү. Анын ичинде азык-түлүк кутулары, дары-дармектер бар. Белгилей кетсек, Орусиянын Сириядагы касташкан тараптарды элдештирүү борбору буга чейин дагы сириялыктар арасында гуманитардык жардам бөлүштүрүлгөнүн билдирген.

Прочитайте больше

Арабстан сириялыктарга Хаж амалдарын аткарууга уруксат беришпеди

Сириянын Диний иштер министрлиги Арабстан жети жылдан бери сириялыктарды ажыга барууга уруксат бербей келе жатканын билдирди. Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Сириянын Диний иштер министрлиги Арабстан жетекчилигин сынга алуу менен “Арабстандын саясатынан жана келишим бузгандыгынан улам сириялыктар жети жыл катары менен ажыга бара албай жатышканын билдирген. Белгилей кетсек, Сириянын Диний иштер министрлиги ИКУ жана Арабстандын Хаж министрлигине сириялыктарга ажыга барууга виза берүү боюнча бир канча ирет суроо-талаптарын жиберген эле, бирок алардын суроосу бир канча жылдан бери…

Прочитайте больше