Арабстан сириялыктарга Хаж амалдарын аткарууга уруксат беришпеди

Сириянын Диний иштер министрлиги Арабстан жети жылдан бери сириялыктарды ажыга барууга уруксат бербей келе жатканын билдирди.
Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Сириянын Диний иштер министрлиги Арабстан жетекчилигин сынга алуу менен “Арабстандын саясатынан жана келишим бузгандыгынан улам сириялыктар жети жыл катары менен ажыга бара албай жатышканын билдирген.
Белгилей кетсек, Сириянын Диний иштер министрлиги ИКУ жана Арабстандын Хаж министрлигине сириялыктарга ажыга барууга виза берүү боюнча бир канча ирет суроо-талаптарын жиберген эле, бирок алардын суроосу бир канча жылдан бери жоопсуз калууда.
Ал эми Катардын Диний иштер министрлиги дагы Арабстандын катарлыктардын ажыга баруусуна карата саботаждык мамилелерин айыптаган.
Эске салсак, Хаж маселелерин көзмөлгө алуучу эл аралык делегация Арабстан өкмөтүн Хаж маселесин “саясатташтырууларын” сынга алып, сириялык жана катардык зыяратчыларга виза берүүнү талап кылган.

Комментарий жиберүү