Орусия Сирияга гуманитардык жардам жеткирди

Орусиянын Сириядагы касташкан тараптарды элдештирүү борбору орусиялык аскерлер Чыгыш Гутадагы Кафр-Батна кыштагында жашаган сириялыктарга гуманитардык жардам бөлүштүрүп бергендигин билдирди.
Бул тууралуу Mehr агенттиги кабарлады. Аталган борбордун маалыматына караганда, Кафр-Батнанын жашоочуларына 7,5 тоннадай жардам бөлүштүрүлдү. Анын ичинде азык-түлүк кутулары, дары-дармектер бар.
Белгилей кетсек, Орусиянын Сириядагы касташкан тараптарды элдештирүү борбору буга чейин дагы сириялыктар арасында гуманитардык жардам бөлүштүрүлгөнүн билдирген.

Комментарий жиберүү