Түркиянын шайлоолорду өткөрүү боюнча комиссиясы Режеп Таип Эрдогандын президенттик шайлооолордогу жеңишин расмий түрдө жарыялады.
Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Түркиянын Шайлоолорду өткөрүү боюнча Жогорку делегациясынын жетекчиси Сады Гүн 25-июнда таң эрте чогултулган 97,7% добуштун 53%ы учурдагы президентке, ал эми 31%ы анын атаандашы Мухаррам Инжеге берилгенин расмий түрдө билдирди.
Белгилей кетсек, бул шайлооолордо Эрдогандын күчтүү атаандашы, оппозициялык Республикалык элдик партиянын лидери Мухаррам Инже болгон.
Эске салсак, Түркия прездентинин кезектеги шайлоолору 24-июнда өлкө боюнча өткөн.
Берилген маалыматтарга караштуу, Мухаррам Инже Эрдогандын жаңы президент болуп шайланышын кабыл алганын билдирген.
Учурда Эрдогандын шайлоочулары бул жеңишти кызуу майрамдашууда.