Башар Асад: Америкалыктар калп айтып, кайра чабуул жасап жатышат

Сирия президенти “Дамаск химиялык куралдардан колдонду” деген дооматтарды четке кагып, америкалыктар калп айтуу менен тезинен чабуул жасашаарын билдирди.
Mehr агенттигинин маалыматына ылайык, Башар Асад Орусиянын NTV агенттигине берген маегинде “Дамаск химиялык куралдарды колдонду” деген дооматын четке кагып, Сирия 2013-жылдан бери химиялык куралдарга ээ эмес экенини баса белгилеп кетти.
Ал америкалыктар калп айтуу менен эл аралык иликтөөлөрдү күтпөстөн чабуул жасап жатышканын билдирип, эл аралык мыйзамдарга баш ийбестик болуп, дүйнөдө “токой мыйзамы” үстөмдүк кылаарын айта кетти.
“Конституцияга өзгөртүү киргизүү Сирия элинин чечимдерине көз каранды. Албетте, референдум өткөрүү зарыл. Эгер эл Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү колдосо, биз аны кабыл алабыз. Андыктан бул жаатта БУУ же башка чет өлкө эмес, Сирия гана өз тагдырын өзү чечет”,-деди Сирия президенти.
Башар Асад Сириянын түндүгү учурда террорчулардан толук бошотулганын билдирип, көптөгөн айыл-аймактар мурдагы жашоо нугуна кайтып жатышканын белгилеп, Дамаск Батыштын кийлигишүүсүсүз өз өлкөсүн кайра бутуна туругузууга кудуреттүү экенин тактап кетти.
Ал мындай деп кошумчалады: “Орусия күчтөрүнүн Сириядагы согушка катышуулары дүйнөлүк балансты пайда кылууга чоң жардам берди.”
Башар Асад 2021-жылда өтө турган Сирия президентинин шайлоолоруна катышууга азырынча чечим кабыл ала электигин айтып, анын чечими элдин каалоосуна байланыштуу экенин билдирди.

Комментарий жиберүү