Эрдоган Иранга барат

Эрдоган Иранга барат

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 7-сентябрда Иранга барат. Бул тууралуу Эрдогандын  администрациясынан кабарлашканын Mehr агенттиги жазды. Reuters агенттиги Эрдоган Иранга Түркия, Иран жана Орусиянын Сирия боюнча үч тараптуу жыйынына катышуу үчүн барарын божомолдоду. Кремль мындан эки апта мурун президент Владимир Путин сентябрдын башында Иран жана Түркиянын президентткринин катышуусу менен өтө турган жыйынга барышы мүмкүн экендигин билдирген. Эске салсак, апрель айында Иран, Орусия жана Түркиянын лидерлери  Анкарада жолугушуп, Сирия кризиси тууралуу сүйлөшүшкөн.

Прочитайте больше

Кыргызстанда балдар эмгеги кандай корголууда?

Кыргызстанда балдар эмгеги кандай корголууда?

Ош, 27-август, 2018-жыл. /ca-irnews.com/. Ош облусунда өзүнүн майып баласын кайыр сураганга мажбурлап, бирөөлөргө күнүнө 200 сомго арендага берген факт катталды. Мындан улам анын апасы менен баланы иштетип жүргөндөргө карата кылмыш иши козголгонун Ош облустук милициясынан кабарлашты. Бул фактыдан кийин балдар эмгеги боюнча маселе кайрадан көтөрүлдү. Ош облусун Кара-Суу районундагы Нариман айылында жашаган 12 жаштагы майып баласын кайыр сураганга мажбур кылып, башкаларга ижарага берген аялга жана ал баланы иштеткен жарандарга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош…

Прочитайте больше

III ДКО учурунда дрондорду жана коптерлерди иштетүүгө тыюу салынат

III ДКО учурунда дрондорду жана коптерлерди иштетүүгө тыюу салынат

2-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда пилотсуз учуучу аппараттарды (коптер, дрон, авиамоделдер ж.б) учурууга тыюу салынат. Бул тууралуу III ДКОнун катчылыгы билдирди. “Аппараттарды учурууга тыюу салуу ДКО сыяктуу масштабдуу иш-чаранын конокторунун жана катышуучуларынын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо максатында киргизилди. Пилотсуз учуучу аппараттарды 2нен 8-сентябрга чейин Кырчын капчыгайында жана ат майданында колдонууга болбойт. Бардык жалпыга маалымдоо каражаттарын бул маалыматты эске алуусун суранабыз”, – деп айтылат маалыматта. Кырчын капчыгайынын жана ат майдандын үстүнөн пилотсуз…

Прочитайте больше