Кыргызстанда балдар эмгеги кандай корголууда?

Мындан улам анын апасы менен баланы иштетип жүргөндөргө карата кылмыш иши козголгонун Ош облустук милициясынан кабарлашты. Бул фактыдан кийин балдар эмгеги боюнча маселе кайрадан көтөрүлдү.

Ош облусун Кара-Суу районундагы Нариман айылында жашаган 12 жаштагы майып баласын кайыр сураганга мажбур кылып, башкаларга ижарага берген аялга жана ал баланы иштеткен жарандарга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын маалымат кызматынын башчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Ал кошумчалагандай, облустук милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү мыйзамсыз жумуштарга тартууга аракет кылгандарга карата атайын рейд өткөрүшкөн. Натыйжада жогоруда айтылган факт катталып отурат. Учурда бул окуя боюнча дагы башка жагдайларын тактоо боюнча иштер жүрүүдө. Милициянын рейди учурунда 23 бала мыйзамсыз жумуштарга тартылганы аныкталган. Мындан сырткары, коомдук жайларда, автоунаалардын кыймылына тоскоолдук кылып, кайыр сурагандарга да чаралар көрүлүп жатат.

Өспүрүм куракта оор жумуштарга тартылган балдар физикалык же моралдык түрдүү ооруларга чалдыгышы ыктымал дешет. Ошондуктан өлкөнүн мыйзамдары да жашы жете электерди оор иштерге тартууга каршы. Балдарды мындай аракеттерге мажбурлоого бөгөт коюу аракети менен өкмөт эл аралык жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдар аркылуу да иш алып барат. Өткөн жылы “Калктын аялуу катмарларын коргоо жана өнүктүрүү фонду” эрте куракта жумушка тартылган балдарды аныктап, аларга түрдүү багыттар боюнча көмөк көрсөтүп, иштей башташкан.

Кыргызстанда 2000-жылдары калктын жашоо шарты начарлап, натыйжада балдар массалык түрдө оор жумуштарга тартылган. Серепчилер Улуттук статкомдун маалыматтарына таянып, Кыргызстанда 5 жаштан 17 жашка чейинки балдардын дээрлик 28 пайызы кара жумуштарга тартыла турганын айтышат. Алардын ичинен ар бир үчүнчү бала эмгектин оор түрүндө иштешет. Кыргызстан боюнча жүргүзүлгөн атайын мониторингдин жыйынтыгында, Ош облусу жана андагы Кара-Суу району лидерликке чыгып кеткени көрүнгөн. Балдар эмгеги боюнча мониторинг жүргүзүп жүргөн коомдук активист Жылдыз Бекбаева, негизинен муну менен биздин өлкө жашы жете электерди көп иштеткен мамлекеттердин катарына кирип калганын белгилейт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтында, 2015 жана 2016-жылдары балдарды жумуштарга тартуу азайганы байкалган. Бирок ошентсе да бул көйгөй кала берүүдө.

Белгилей кетсек, дүйнө жүзүндө 5 жаштан 14 жашка чейинки курактагы 120 миллиондон ашуун бала оор жумушта иштейт деген маалымат тарап жүрөт.

Жарыяланды 02

Комментарий жиберүү