Лука Модрич “Европанын жыл адамы” наамына ээ болду.

Испаниянын “Реал Мадрид” жана Хорватияныны улуттук футбол командасынын 32 жаштагы оюнчусу Лука Модрич “Европанын жыл адамы” наамына ээ болду.
Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Монакодо Европанын эң мыкты оюнчуларын тандоо(UEFA) аземи өттү.
Аталган аземде хорватиялык Лука Модрич өзүнүн атаандаштары Кристиано Рональдо менен Мухаммад Салахтан алдыга чыккан.
Эске салсак, Лука Модрич Реал Мадриддин эң мыкты оюнчусу катары белгиленген жана бул команданын 3 ирет катары менен жеңишке ээ болуусуна чоң салымын кошкон. Мындан тышкары Лука Орусиянын ДЧ 2018 оюнунда өз командасын тарыхый финалга чыгарып, “ДЧнын эң мыкты оюнчусу” наамын алган.

Комментарий жиберүү