Өзбекстандын президенти камактагы 261 адамга мунапыс берди

ruРусский

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн камактагы 261 жаранына ырайым берүү боюнча жарлык чыгарганын
Fars агенттиги кабарлады.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, кылган ишине чын жүрөктөн өкүнүп туура жолго түшкөн камактагы жарандарга мунапыс берүүгө буйрук чыгарды.

Жарлыкка ылайык, жалпы 261 адамга кечирим берилди. Алардын ичинен 215 адам түрмөдөн бошотулат жана дагы 46 адамдын камактагы мөөнөтү кыскартылат.

Берилген маалыматка караганда, кечирим берилгендердин ичинен беш адам жашы алтымыштан ашкан кары кишилер.
Мунапыс берилген 261 адамдын 135и уюмдар тыюу салган ишке аралашкан адамдар.

Өлкө президенти чыгарган жарлыкка ылайык, түрмөдөн кечирим алгандарга тиешелүү министрлик жана бөлүмдөр жашоо шарттары боюнча муктаж бардык шарттарды түзүп беришет жана ылайыктуу жумуш менен камсыз кылышат.

Комментарий жиберүү