Кабулда эки жардыруу болду

Кабулда эки жардыруу болду

Ооганстандын борбор шаары Кабулдун батышында эки жардыруу болуп кем дегенде 20 адам каза таап, 60тан ашууну жаракат алды. Бул тууралуу Irinn агенттиги кабарлады. Кабулдун батыш аймактарында болгон жанкечтилик жардыруулардын биринчиси Кабул шаарынын шииттер жашаган районунда күрөш боюнча спорттук клубдарынын биринде болду. Жанкечти өзүн спортчулар машыгып жаткан учурда залдын ичинде жардырып жиберген. Андан кийин клубка жакын жерде бомба коюлган унаа  жарылган. Берилген маалыматка караганда, жардыруулардан кеминде 20 адам каза тапкан жана 60тан ашууну жаракат алган. Террордук жардыруу Американын…

Прочитайте больше

Японияда күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Японияда күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Япониянын Хоккайдо аралында бүгүн таң эртең менен катуу жер титирөө катталды. Жабыркагандар бар.   Parstoday агенттигинин маалыматына караганда, күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө миллиондогон япониялыктарды электр энергиясыз калтырып, жер көчкүгө себеп болду. Алгачкы берилген маалыматтарга караганда жер титирөөдөн бир канча үйлөр талкаланып, 2 адам набыт кетип, 120сы жаракат алды  жана дагы 32 тургун дайынсыз жок болуууда. Күтүлбөгөн жаратылыш кырсыгына байланыштуу өлкөнүн премьер-министри Синдзо Абе Хоккайдонун жабыр тарткандарына 25 миңдей жардам күчтөрүн жиберди.

Прочитайте больше