Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC 228 турниринде рингге чыгат

Ал 57 кг салмактык категорияда америкалык Никко Монтанодон чемпиондук курду талашат.

Шевченко буга чейин UFC турниринде 62 кг салмакта беш беттеш өткөргөн. Ал үч жолу жеңишке жетип, эки ирет бразилиялык Аманда Нуниске жеңилип калган.

Кийин мушкер жеңилирээк – 57 кг салмактык ченге өтүп, алгачкы урушунда Присцила Кечоейраны утуп алган. Эми чемпиондук кур үчүн рингге чыгууда.

UFC 228 турнири – 8-сентябрда, Американын Даллас шаарында өтөт.

Валентина Шевченко – Муай тай жана аралаш согуш өнөрлөрү боюнча мушкер. 1988-жылы Кыргызстанда Фрунзе шаарында төрөлгөн. UFC (Ultimate Fighting Championship) чемпионатында аялдардын эң жеңил салмак категориясында мушташат. Каймана аты – Bullet (англ. – ок). 2017-жылдын 7-июлунда UFC Fighting Ranking рейтингинде аялдардын эң жеңил салмак категориясында №1 орунду ээлеп турат.

Ал 5 жашында спорт менен машыккан энеси жана эжеси Антонинанын таасири аркылуу таэквондо менен машыга баштаган. 12 жашында Муайтай кикбоксунда, андан соң вале-тудо эрежесиз күрөшүндө өз күчүн сынаган. Валентинанын кикбокс спортундагы карьерасы Кыргызстанда, 12 жашында 22 жаштагы каршылашын нокаутка кетирип, машыктыруучусу Павел Федотовдон рингдеги тез, ыкчам кыймылы үчүн “Ок” лакап атын алуу менен башталган.

Валентина кикбоксинг жана муайтай боюнча бир катар титулдарга ээ: Муайтай эл аралык федерациясынын сүйүүчүлөрдүн дүйнөлүк чемпионаты (International Federation of Muaythai Amateur World Championships) жана Дүйнөлүк муайтай кеңеши Валентинага дүйнөдөгү эң мыкты аял муайтай мушкери деп жогору баа берген. В. Шевченконун Муайтай/К-1 боюнча адистик эсеби 56-2, ал Йоанна Йенжейчик жана Кэли Рис сыяктуу мушкерлерди жеңген.

Комментарий жиберүү