Жалал-Абадда диний окуу жайлар текшерилди

Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүү “Имам Аьзам”, “Аиша Сиддика”, “Аз-Захра”, “Илим ТАТ” медреселеринде жүргүзүлдү.

Казыяттын өкүлү студенттер менен жолугуп, жыл аягында сынактар кылдаттык менен уюштурулаарын айтып,  андан өткөндөр гана сертификат, диплом ала тургандыгын эскертти.

Ошондой эле окуу бөлүмүнүн адиси окуу жайдын админстрациясы жана мугалимдери менен маектешип, өткөн окуу жылында келтирилген кемчиликтерди жоюп, иш кагаздарды тартиптештирүү керектигин кошумчалады.

Комментарий жиберүү