Замзам булагы

Fars агенттигинин “Хаж жана зыярат” кеңсесинин маалыматына ылайык, Азирети Ибрахийм (а.с) Аллахтын буйругу менен уулу Исмаилди (а.с) Меккенин суусуз кургак өрөөнүнө алып барууга милдеттендирилгенде, ал жерде уулу менен калган Ажардын ичээр суусу түгөнөт.

Ажар Сафа менен Марва тоосунун ортосунда нары-бери 7 ирет суу издеп чуркап, уулунун жанына кайтканда Жабраил (а.с) периште пайда болот. Ал жерди бир тээп, Аллахтын кудурети менен суу чыгарат. Ажар ал сууга “зам зам” мындайча айтканда (агып кетпей бир жерге чогул) деп шыбырайт да тегерегин кум менен торойт.

Андан бери Замзам булагы токтолбой оргуштап агып, бир гана жергиликтүү зыяратчыларды эле эмес, чет жакадан келгендердин баарын камсыздоодо.

Ислам пайгамбарынын (с.а.в) айтымында бул булак жерден чыккан суулардын эң мыктысы жана шыпаа берүүчү суу болуп саналат.

Замзам булагынан  сууну алгач арканга байланган чака менен чыгарышчу, учурда электр энергиянын күчү менен чыгарылып, атайын суу түтүктөрүнө жиберилет. Ал эми булактын тегереги курчалып, ал жака ар кимдин  кирүүсүнө уруксат берилбейт.

Булактын тереңдиги 30-40метрге чукулдайт жана күнүнө андан 10 миң.куб суу алынат.

Комментарий жиберүү