Ирандын 2500 жыл мурдагы шаары Түркияда табылды

IRNA  агенттигинин маалыматына ылайык, түркиялык археологдордун изилдөөлөрү боюнча, жер астында табылган шаарча 2500жыл мурда курулган.
Изилдөөчүлөрдүн жетекчиси Шаукат Донмаз шаарчада табылган буюмдар Ирандын Хахамаш дооруна таандык экенин билдирди.

Иликтөөлөрдүн натыйжасында бул шаардын ичинде “Гитилер” тарыхына тиешелүү болгон уйдун айкели, от жанып турган ибадаткана,  ири эмерек, бир канча мейман тосуучу чоң бөлмөлөр жана перстердин люкс бөлмөлөрү табылган.

Учурда тарыхый шаарды кеңири изилдөө максатында 12 адис, 10 археолог жана 15 археолог-студенттер кылдаттык менен иш алпарышууда.

Комментарий жиберүү