“Мангхут” тайфуну Кытайга жетти (видео)

Бул тууралуу Fars агенттиги жазды. Reuters агенттиги маалымдагандай, Кытайдын Гуандун провинциясына жеткен күчтүү тайфун ылдамдыгы саатына 200 чакырымга жетти. Тайфундун абалына бешинчи даражадагы бороон-чапкын деп мүнөздөмө берилүүдө.

Гонконгдун айрым райондорунда суунун деңгээли 3,5 метрге чейин көтөрүлүп, жолдорду жана көчөлөрдү суу каптады. Бороон-чапкындан улам имараттардын терезелери талкаланып, бак-дарактар кулады.

Ошондой эле Гонконг аэропортундагы миңге жакын учактардын каттамы токтотулду. Тайфундун кесепетинен 213 киши жабыркаганын РИА Новости жазды.

Комментарий жиберүү