“Супара”этно комплексинде өрт чыгып, жаңы имарат жана боз үйлөр күйүп кетти

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт 18-сентябрда болжол менен түнкү саат 02:05тер чамасында катталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок.

Өрт саат 03:24тө чектөөгө алынып, таңы саат 06:46да толугу менен өчүрүлгөн.

“Өрттүн кесепетинен жаңы курулуп жаткан имарат жана 6 боз үй күйүп кеткен”, – деп кабарлашты ӨКМ кызматынан.

Тилсиз жоону өчүрүү үчүн жалпысынан 6 өрт бөлүмү тартылган, мындан сырткары ИИМдин кызматкерлери, РЭТ кызматынан 1 бригада жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

http://kabar.kg/kyr/news/supara-etno-kompleksinde-rt-chygyp-zha-y-imarat-zhana-boz-il-r-k-i-p-ketti/

Комментарий жиберүү