Рактын алдын алуу боюнча 9 насаат

Ылайыктуу салмакта жүрүү рак, жүрөк кан-тамыр жана диабет ооруларынын алдын алат.

ISNA агенттигинин маалыматына ылайык, ар бир адамдын ылайыктуу салмагы анын боюна байланыштуу болот. Ал эми салмагы ашык болуу жүрөк, диабет жада калса рак ооруларына алып келиши ыктымал. Бул оорулардын алдын алуу үчүн адамдын жашоо тартибине 9  нерсе сунушталат: 1-күнүнө кеминде 30 мүнөт спорт менен машыгыңыз. Албетте, 1 саатка чейин тез кыймылдоо же спорт менен машыгуу абдан жакшы. Мындай сунуш жаш балдарга жана өспүрүмдөргө да пайдалуу. Спорт менен машыгуу жогорудагы оорулардын алдын алуудан тышкары, адамдын коргоо системасын жогорулатып, угуу органдарын жакшыртат.
2- таттууларды чектөө. Кант кошулган суусундуктарды, ширелерди көп ичүү, таттуу, майлуу жана куурулган тамактарды көп пайдалануу ден соолукка өтө зыяндуу жана рак оорусуна шарт түзөт.
3-жер жемиш жана жашылчаларды көп жегиле. Жашылчалар, жер жемиштер рак коркунучун кыйла айзайтат. Табактагы тамагыңардын үчтөн эки бөлүгү жашылчалардан жасалган болуусу сунушталат.
4-Кызыл эттерди чактап жемек. Аптасына 500 граммдан ашпаган кызыл эт жесе болот. Ал эми эттен жасалган азыктар: колбас, сосиска жана ышталган, туздалган эттер рак оорусуна шарт түзөт.
5-туздалган жана ышталган азык-түлүктөр ашказан рагына алып келет. Мындан тышкары кан басымын жогорулатат. Күнүмдүк пайдаланууда туз 4,4 граммдан ашпоосу керек. Тамак жасаганда туздан кемирээк пайдалануу сунушталат.
6- даяр витаминдерди көп пайдалануу зыяндуу, анын ордуна азык-түлүктөрдү түрдүү кылып пайдаланган жакшы. Айрыкча боюнда бар аялдар, жалаң даяр витаминдерге таянуулары сунушталбайт.
7- баланы жок дегенде 6-ай эмизүү зарыл. Көбүрөөк эмизүү аялдардын көкүрөк рагынан сактайт. Мындан тышкары эмизүүнүн пайдалары, аялдын толуп кетүүсүнөн алдын алат.
8-спирт ичимдиктерин токтотуу. Сипрт ичимдиктери ооз, тамак, ашказан жана ичеги рактарына шарт түзөт.
9-тамеки тартуудан баш тартуу. Тамеки тартуу өпкө рагынын негизги себептеринин бирине кирет. Мындан тышкары тамеки ооз, тамак, ашказан, ичеги, жатын  жана бөйрөк рактарына себеп болот.

Комментарий жиберүү