Ирандагы теракт:Дүйнөнүн реакциясы

Ирандагы теракт:Дүйнөнүн реакциясы

Ирандын Ахваз шаарында болгон террордук актыга байланыштуу Норвегия, Швеция, Түштүк Корея жана Индиянын тышкы иштер министрлиги реакция жасап, билдирүүлөрүн жарыялашты. Бул тууралуу Fars News агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлиги Ахваз шаарында парад учурундагы террордук чабуулду катуу айыптап, Иран элине көңүл айтышты. Билдирүүгө караганда, Норвегиянын тышкы иштер министри Ине Эриксен Серейде жекшемби күнү өзүнүн  Twitter баракчасына билдирүү жасап, анда Ахваздагы терактты кескин айыптап, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлиги дагы…

Прочитайте больше

Израилдин Газага жасаган чабуулунан 15 адам жабыркады

Израилдин Газага жасаган чабуулунан 15 адам жабыркады

Сионисттер аскерлеринин Газа бөлүгүнө жасаган чабуулунан бир палестиналык курман болуп,  14ү жаракат алды. Parstoday  агенттигинин маалыматына ылайык, сионисттик режимдин аскерлери палестиналык көтөрүшчүлөргө каршы аракеттенүү шылтоосу менен Газа бөлүгүнө бир канча ирет чабуул жасашты. Бул боюнча Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигин басма сөз катчысы Ашраф аль-Кудра мындай деп билдирген: “Жерди кайтаруу” деп аталган демонстрацияда 184 палестиналыкка  сионисттер ок атышты. Эске салсак, “Жерди кайтаруу укугу” жүрүшү  2018-жылы 30-мартта палестиналык какчындарды үйлөрүнө кайтаруу, Газа бөлүгүн курчоодон бошотуу максатында палестиналык…

Прочитайте больше

Алмата менен Улан-Батор дүйнөдөгү эң кооптуу шаарлардын тизмесине кирди

Алмата менен Улан-Батор дүйнөдөгү эң кооптуу шаарлардын тизмесине кирди

Numbeo кызматы дүйнөнүн ар кандай региондордун жашоо деңгээли боюнча иликтөө жүргүзүп, эң кооптуу шаарлардын тизмесин жарыялады. CA-NEWS (MNG) агенттигинин маалыматына ылайык, кооптуу шаарлардын тизмесин аныктоодо Numbeo кызматы кылмыштар жана коопсуздук индексине байланыштуу иликтөө жүргүзгөн. Иликтөөлөргө ылайк, дүйнөдөгү эң кооптуу шаарлардын тизмесин гондурасстык Сан-педро-Сула шаары, Венесуэланын Каракас жана Жаңы Гвинеянын Порт-Морсби шаарлары катары менен биринчи, экинчи, үчүнчү орунга чыгышкан. Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн эң кооптуу шаары Алмата (глобалдык рейтинг боюнча 112-орун) жана Монголиянын Улан-Батору (56-орун) таанылган. Белгилей…

Прочитайте больше

Түркия парламентинин спикери Өзбекстанга барды

Түркия парламентинин спикери Өзбекстанга барды

Түркия парламентинин спикери расмий иш сапары менен делегацияны жетектеп Өзбекстанга барды. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Түркия парламентинин төрагасы Бинали Йылдырым Өзбекстан президенти жана башка бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында Ташкентке барды. Бинали Йылдырым Өзбекстанга сапар тартар алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “Анкара менен Ташкенттин ортосундагы мамилелер стратегиялык баскычка көтөрүлдү”, – деп баса белгилеген. Түркия парламентинин спикери бул сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана башка расмий өкүлдөрү менен жолугушат….

Прочитайте больше

Ооганстанда миномет менен ойноп жаткан 8 бала набыт кетти

Ооганстанда миномет менен ойноп жаткан 8 бала набыт кетти

Иштелбей калган миномет менен ойноп жаткан балдар күтүүсүз жарылуудан каза табышты. Бул тууралуу IQNA агенттиги “аль-Башир” маалымат порталына шилтеме берип маалымдады.  Ооганстандагы согуш аймактарынын талаасында иштелбей калган мионмет менен ойноп жаткан 8 бала, алардын ичинде 4 бир туугандар күтүүсүз жарылуудан каза табышкан. Берилген маалыматтарга караштуу, алардан тышкары 6 бала жарылуудан жаракат алышкан. Окуя боюнча курман болгон балдардын таекеси Шукрулла бул тууралуу мындай деген: Балдар талаада ойноп жатышып, иштелбей калган бир минометту таап алышып, аны менен ойноого аракет…

Прочитайте больше

Жээнбеков Нью-Йоркко барды

Жээнбеков Нью-Йоркко барды

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Мурда маалымдалгандай, Мамлекет башчысы БУУнун башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, БУУнун Башкы катчысы Антонио Гуттериш менен жана башка мамлекеттердин башчылары менен жолугушат. Кыргыз Республикасынын Президенти визиттин алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Д. Хаммаршельд атындагы китепканасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнү ачат.

Прочитайте больше

Танзанияда кеме кырсыгынан каза болгондордун саны 217ге жетти

Танзанияда кеме кырсыгынан каза болгондордун саны 217ге жетти

Танзаниядагы Виктория көлүндө оодарылган жүргүнчү паромдо каза болгондордун саны 217ге жетти. Бул тууралуу Mehr агенттиги Reuters агенттигине шилтеме берүү менен кабарлады. Маалыматтарда үч күн жүргүзүлгөн изилдөө-куткаруу иштеринде ушул кезге чейин 217 сөөктүн табылгандыгы айтылууда. Эске салсак, 21-сентябрда Танзаниянын түндүгүндө болжол менен 500дөй жүргүнчүсү бар паром чөгүп кеткен. Маалымат булактардын билдирүүлөрү  боюнча, 100 кишилик паром Юкора жана Буголора аралдарынын ортосунда салмактын оордугунан улам пристанга жетерине аз калганда оодарылып, чөгүп кеткен. Кечээ, 23-сентябрда бул өлкөдө 3 күн аза күтүү…

Прочитайте больше