Дүйнөдөгү эң коркунучтуу жугуштуу оору кайсы?

ruРусский

Fars агенттигинин илимий тобунун маалыматына ылайык, кургак учуктан катталган өлүмдөрдүн саны азайганы менен бул оору дагы деле дүйнөдөгү өлүм алып келүүчү эң коркунучтуу жугуштуу ооорулардын тизмесинде биринчи катталууда. Спутник агенттиги Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун адистер төмөнкүдөй маалыматты жарыялаганын кабарлады: 2000-жылдан бери кургак учуктан каза тапкандардын саны дүйнө жүзү боюнча 54 млн. адамга азайганы менен, азыркыга чейин бул илдет менен күрөшүүгө жетишээрлик чаралар жасалбай келет.

Белгилей кетсек, 2017-жылы 9 млн. адам кургак учук менен ооруса, алардын 1,6 миллиону оорудан  көз жумган. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму бардык өлкөлөрдү өздөрүнүн улуттук жана эл аралык ант берүүлөрүн жүзөгө ашырууга чакырып, Индия, Орусия, Руанда жана Түштүк Африка өлкөлөрүнүн бул ооруга каршы жасаган аракеттеринен үлгү алууларына үндөдү.

Адистер бул оорунун тез таралуусуна ага каршы “Ryfampsyfyn” дарысынын  таасиринин азаюусу жана кургак учуктун мындай дарыларга туруштук берүүсүнүн күчөшүн себептүү деп айтышууда. Мындан тышкары айрым өлкөлөрдө кургак учук менен ооругандарга каршы зарыл иш чаралар көрүлбөй келүүдө.

Комментарий жиберүү