Германия Евро 2024 оюнун өткөрөт

ruРусский

Бул тууралуу IRNA агенттиги Рейтерге шилтеме берип маалымдады.
Европа 2024 оюнун өткөрүү боюнча Германия менен Түркия атаандашып, натыйжада көпчүлүк добуштар Германияга берилген. Бул боюнча Түркия президенти Режеп Таип Эрдоган болгон аракетин жасап,  өз өлкөсүндө көптөгөн футбол инфраструктураларын кеңейтип келген эле.

Ал бийликке келгенден бери 15 жыл бою талыкпай, ар кандай ири спорт оюндарын өткөрүүгө ат салышып, бул ирет Европа 2024 мелдешин өткөрүү наамынан куржалак калды. Түркия бул оюнду өз өлкөсүндө өткөрүү үчүн аталган уюмга 4 ирет сунуш жиберген эле.

Эске салсак,  Германия 2008-жылы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатын өткөргөн.

Комментарий жиберүү