Иран менен Кыргызстандын соода алакасы 12%га жогорулады

Авазбек Абдыразаков 30-сентябрда IRNA агенттигине берген маегинде мындай деген: Эки өлкөнүн соода алакалары өткөн жылы 60 млн.долларга жеткен жана анын 68%ы Ирандын экспортуна таандык. Ирандан ар кандай боектор, курулуш материалдар, кургак жемиштер, цитрус жемиштери Кыргызстанга экспорттолууда.

Кыргызстандын элчиси эки өлкөнүн соода байланыш жаатындагы кыйынчылыктардын бири – түз аба каттамынын жоктугуна ишаара кылып мындай деп кошумчалады: Бул маселе эки өлкөнүн соода байланыштарын жайлатып жатат жана келечекте чечилээрине ишенебиз. Абдыразаков Ирандын Кыргызстандын бардык экономикалык, айыл-чарба, өндүрүш жана маданий чөйрөлөрүнө салым кошууларын жактады.

“Эки өлкөнүн байланыштарын кеңейтүү максатында Кыргызстандын бир облусун Ирандын түндүк Хорасан облусу менен бир туугандаштыруу маселесин караштыруудабыз”,-деп билдирди Кыргызстандын Тегерандагы элчиси.

Комментарий жиберүү