Иранда доллардын баасы түшө баштады

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, доллардын курсунун төмөндөшү дүйшөмбү күндөн башталып, бир эле Тегеранда эмес,  Ирандын баардык ири шаарларында эң төмөнкү баага түшүрүлдү. Экономисттердин айтымында, мунун себеби Евро Биримдик аркылуу ирандык соода жана финансылык кызыкчылыктарды колдоого алынуусу болгон.

Белгилей кетсек, буга чейинки доллардын баасынын ылдамдык менен жогорулашы бир канча себептер менен болгон жана алардын ичинде айрым тийиштүү топтордун атаандашуулары кирет.
Ушуга байланыштуу Иран өкмөтү акыркы күндөрү атайын чара көрүү менен доллардын жана башка чет элдик валюталардын төмөндөшүнө өбөлгө түзгөн.

Өлкөнүн экономикалык штабынын өкүлү Абду Реза Рахмани Фазли Жогорку Кеңеш менен бийликтин үч бутагынын экономикалык аракети менен өлкөдөгү доллар менен алтынга болгон баанын  ылдамдыкта өсүшү токтотулганын билдирди.
Учурда бийлик тарабынан валюта жана алтын базары жигердүү көзөмөлгө алынууда.

Комментарий жиберүү