Масжид аль-Харамда дүйнөдөгү эң чоң чатыр тартылат

Масжид аль-Харамда дүйнөдөгү эң чоң чатыр тартылат

Меккедеги “Масжид аль-Харам” мечитинин түндүк-батыш тарабында дүйнөдөгү эң ири чатыр тартуу иши башталды. Бул тууралуу IQNA агенттиги Египеттин “аль-Яум ас-Сабиъ” гезитине шилтеме берип маалымдады. Бул чатыр Масжид аль-Харамды кеңейтүү алкагындагы үчүнчү долбоорду ишке ашыруу максатында тартылмакчы. Бир нече күндөн кийин тартылып бүтүүчү чатыр астында 3 миң 500 намаз окуучулар жайгаштырылышат жана анын салмагы 500 тонна, ал эми бийиктиги 30 метр болмокчу. Дүйнөдөгү эң ири чатырдын астында намаз окугандарга карата ар кандай кызматтар эске алынган: даарткана, суу ичүү…

Прочитайте больше

Арабстан полициясы демонстарцияга чыгышкан жумушчуларга ок атты (фото)

Арабстан полициясы демонстарцияга чыгышкан жумушчуларга ок атты (фото)

 Сауд Аравиянын чыгыш тарабында мунай компаниясынын жүздөгөн жумушчулары маянанын кечигүүсүнө байланыштуу наарзычылыгын билдиришип, чогулушкан. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Арабстандын Атзахран шаарында “Aramco Oil Company” компаниясына таандык  “Эзмил” мунай компаниясынын жумушчулары айлык төлөнбөгөндүгү үчүн нааразычылык билдирүү демонстарциясына чыгышкан. Белгилей кетсек, компаниянын унааларын сындырып, баш аламандык жараткан жумушчуларга карата полиция кызматкерлери ок атышкан. Арабстандын айрым маалымат порталдары жумушчулардын айлык маянасын кечиктирүүгө Арабстан өкмөтүн күнөөлөп, алардын Йемен согушунда миллиарддаган доллар каражат жумшап, ал эми өз жумушчуларына  убагында айлык акы…

Прочитайте больше

Трамп: “Арабстан падышасына аскердик операцияңарга көмөктөшүүмдү кааласаңар 4 млрд. доллар бергиле дедим.”

Трамп: “Арабстан падышасына аскердик операцияңарга көмөктөшүүмдү кааласаңар 4 млрд. доллар бергиле дедим.”

Washington Post гезити Америка президенти арабстандык падышанын суроосуна жооп катары 4 млрд. доллар талап кылганын жазып чыкты. Fars агенттигинин маалыматына ылайык, аталган гезит Трамп өткөн аптада Вашингтондогу өзүнүн эл аралык мейманканасында өлкөнүн республикачыл партиясынын каржылык колдоочуларынын алдында сөз сүйлөп, өкмөттүн эл аралык саясаттары тууралуу баяндаганын жазган. Ошондой эле Америка президенти өз сөзүндө Арабстан менен болгон мамилеси тууралуу билдирип, Арабстан падышасы жакын арада аны менен телефон аркылуу байланшып, Эр-Риядга ири аскердик көмөк көрсөтүүсүн суранганын айтып берген. Вашингтон…

Прочитайте больше

XXI кылымдын эң чоң гуманитардык апааты: Йемен ачкачылыгы

XXI кылымдын эң чоң гуманитардык апааты: Йемен ачкачылыгы

Сентябрдын аягында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Йемендеги жагдайды кароо үчүн жыйналып, аны дүйнөдөгү эң чоң гуманитардык апаат деп атады. Абал ушул бойдон уланса жакынкы арада БУУ Йеменде ачкачылык жарыялайт. Дээрлик 4 жылдан бери от чачкан жарандык согуш Йеменди дүйнөнүн эң байкуш өлкөсүнө айлантты. Мамлекеттен айлык, пенсия, жөлөкпул берүү токтогон, ишканалар жабылган, сырттан келүүчү товарлардын жолу жабылган, базарлар бомбалоодон талкаланган. Айтор жашоочулардын турмуш тиричилигин өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү толук буулган. БУУнун Йемендеги коопсуздук кызматкери Адиль Аль-Асбахи буларды…

Прочитайте больше

Индонезиядагы апаат: бир аптадан кийинки абал

Индонезиядагы апаат: бир аптадан кийинки абал

Индонезиянын Сулавеси аралында катталган жер титирөө менен цунамиден бери бир жума өттү. Каргашанын жыйынтыгы сүрөттөрдө. Кубаты 7.5 баллга жеткен жер титирөө жана бийиктиги 6 метрге чейин жеткен цунамиден кийинки Палу шаары. Жаратылыш кырсыгынан эң көп жабыркаган калктуу аймак Палу шаары. Алгач жер силкинип шаарды кулатса, артынан келген цунами биротоло аралаштырып, шаарды баткакка айлантып салды. Кийин жарым саат бою жер титиреп турду. Курман болгондордун саны 1600гө чамалады. Бул көрсөткүч дагы өсүүсү күтүлүүдө. Кырсыктын алгачкы сааттарында курмандыктар…

Прочитайте больше

Шашылыш билдирүү: Үшүк жүрөт

Шашылыш билдирүү: Үшүк жүрөт

Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 7-октябрда күндүн экинчи жарымында Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир районунда 18-23 метрге жетет. Чүй, Талас облустарында абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, өрөөндөрдө 15…20°, тоо этектеринде 12…17°, тоолуу райондордо 10…15°, бийик тоолуу райондордо 3…8° жылуу болот. 8-10-октябрь…

Прочитайте больше

ЖККУнун ТИМ жеитекчлери Ооганстанда террордук коркунучтун өсүп жатканына тынчсызданышууда

ЖККУнун ТИМ жеитекчлери Ооганстанда террордук коркунучтун өсүп жатканына тынчсызданышууда

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун тышкы иштер министрлери биргелешкен билдирүү жасап, Ооганстандын түндүгүндө жана кошуна Тажикстанда террордук коркунучтун күч алып жатканына тынчсызданууларын билдиришти. “ЖККУнун өлкөлөрү Ооганстанда, анын ичине өлкөнүн түндүк аймактарында террордук чакырыктарды жана коркунучтарды алып келип жаткан ИШИМ согушкерлеринин жана башка террордук уюмдардын мүчөлөрүнүн көбөйүп жатканынан тынчсызданышууда”,  – деп жазылган билдирүүдө. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму Ооганстанда расалык жана диний айырмачылыктарды түзүү үчүн жасалып жаткан аракеттерди сынга алып, өлкөдө ИШИМдин террордук актыларынын өсүшүнө токтолуу…

Прочитайте больше

Эмне үчүн Кыргызстанда медреселер көп?

Эмне үчүн Кыргызстанда медреселер көп?

Кыргызстандагы диний билим берген мекемелердин саны, Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге салыштырганда алда канча көп. Мисалы, 30 миллиондон ашуун калкы бар Өзбекстанда бир Ислам университети болсо, 6 миллион калктуу Кыргызстанда 100гө чукул диний окуу жай бар. Бул тууралуу Тынчтык инновациялары боюнча Булан институтунун иликтөөсүндө айтылат. Ал эми Республика боюнча 102 медресе Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өткөн болсо, учурда анын 78и иштеп келет. Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынан бул медреселерде жалпы 6 миңдей бала билим алат…

Прочитайте больше

РАК ООРУСУ. ЭМНЕГЕ КӨБӨЙҮП ЖАНА ЖАШАРЫП БАРАТАТ?

РАК ООРУСУ. ЭМНЕГЕ КӨБӨЙҮП ЖАНА ЖАШАРЫП БАРАТАТ?

Акыркы кезде эң коркунучтуу оору болуп эсептелген рактын көбөйүп жана жашарып баратканы анык. Буга эмнелер себепкер деген суроого жооп издеп, Улуттук онкология жана гематология борборуна барып, керектүү адистерге жолуктук. Статистика Кыргызстанда 2017-жылы рак менен ооруп катталгандардын саны 25 000ди түзгөн. Алардын 5500ү алгачкы ирет кайрылгандар болсо, мунун 3500ү каза болгон. Элди коркунучка камаган рак эмнеден улам жаралат? – Рак – мутацияланган клеткадан жаралат. Адамдын организми болжол менен 100 триллион клеткадан турат. Рак болсо бир гана…

Прочитайте больше

Бүгүн Ош шаарынын күнү белгиленет

Бүгүн Ош шаарынын күнү белгиленет

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын 3018 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Майрам күнү шаарда бир катар  маданий-массалык  иш-чаралар өтөт. Эл аралык жаштар форуму, сүрөт  көргөзмө, жогорку окуу жайлардын көргөзмөсү,  “Сулайман-Тоо- тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу фестивалы, майрамдык жарманке, билим жана чыгармачылык жарманкеси, улуттук спорттук оюндар өткөрүлөт. Ал эми кечинде шаардын борбордук  стадионунда концерттик программа уюштурулат. Айта кетсек, Ош шаарынын күнү жыл сайын 5-октябрда  белгиленип келет.

Прочитайте больше

5-октябрь — мугалимдердин кесиптик майрамы

5-октябрь — мугалимдердин кесиптик майрамы

Кыргызстанда Мугалимдер күнү жыл сайын 5-октябрда белгиленет. Бул тууралуу токтомго 2014-жылы кол коюлган. Билим берүү жана илим министрлиги бул күнү атайын иш-чараларды өткөрүп, алардын эмгеги даңазаланат. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдиргендей, Кыргызстанда 79 миңдин тегерегинде мугалим иштейт. Алардын квалификациясын жогорулатууга республикалык бюджеттен 22 млн сом бөлүнөт. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова парламент жыйынында жашы, эмгек стажы 5 жылга чейинки мугалимдин айлыгы 9 миң 200 сом экендигин айткан. 15 жылдык эмгек тажрыйбасы бар мугалимдики 12 миңге чейин. Тоолуу аймактарда…

Прочитайте больше