Масжид аль-Харамда дүйнөдөгү эң чоң чатыр тартылат

Бул тууралуу IQNA агенттиги Египеттин “аль-Яум ас-Сабиъ” гезитине шилтеме берип маалымдады. Бул чатыр Масжид аль-Харамды кеңейтүү алкагындагы үчүнчү долбоорду ишке ашыруу максатында тартылмакчы. Бир нече күндөн кийин тартылып бүтүүчү чатыр астында 3 миң 500 намаз окуучулар жайгаштырылышат жана анын салмагы 500 тонна, ал эми бийиктиги 30 метр болмокчу.

Дүйнөдөгү эң ири чатырдын астында намаз окугандарга карата ар кандай кызматтар эске алынган: даарткана, суу ичүү жайы, аба алмаштыруучу системалар, жол көрсөтүүчү илгичтер жана ар кандай бөлүктөрүндө үн чыгаруу системалары бар.

Комментарий жиберүү