Бишкекте абанын табы 5 күн бою +8˚С деңгээлинде сакталса жылуулук сезону башталат

Бишкекте абанын табы 5 күн бою +8˚С деңгээлинде сакталса жылуулук сезону башталат

Бишкек шаарында абанын табы 5 күн бою +8˚С деңгээлинде сакталса жылуулук сезону башталат. Белгилей кетсек, 7-октябрдан тарта өлкөдө абанын табы кескин төмөндөп, түнкүсүн 10+ градуска чейин түштү. Айрым аймактарда үшүк жүрүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Бүгүн, 9-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Ошондой эле Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда…

Прочитайте больше

ЖҮРӨКТҮ ТАЗАЛОО, АЗЫКТАНДЫРУУ, КАМ КӨРҮҮ

ЖҮРӨКТҮ ТАЗАЛОО, АЗЫКТАНДЫРУУ, КАМ КӨРҮҮ

Жүрөк-кан тамыр оорулары, тилекке каршы, дүйнөдөгү чоң көйгөйлөрдүн бири. Дүйнө боюнча каза тапкандардын 52 пайызы, ушул дарттын азабынан болот. Кыргызстанда 1 жылда орточо эсеп менен 18 000 адам көз жумат. Жүрөк ооруларынын алдын алып, өлүмдү кантип азайтса болот? Бул туурасында кеп кылабыз. ЭМНЕ ҮЧҮН ЖҮРӨКТҮ ТАЗАЛОО КЕРЕК? Жүрөк – адамдагы эң башкы орган. Анын иштешинин натыйжасында кан денеде дайыма жылып турат. Кан менен болсо органдарга, алардагы ткань, клеткаларга азык-заттар, кычкылтек да барат. Андыктан организм кан…

Прочитайте больше

Ипотека менен батир алууда кандай көйгөйлөр чыгып жатат?

Ипотека менен батир алууда кандай көйгөйлөр чыгып жатат?

Буга чейин мамлекеттик ипотекалык компания пайыздык үстөктү 7 пайызга түшүргөндүгүн маалымдаганы белгилүү. Бирок азыркы тапта жарандар ипотекалык кредиттерин ала албай жатышат. Мунун себептери азырынча белгисиз. Ипотекалык компания аракет кылып жатабыз дегенден башка жооп бере элек. Айрым тургундар ипотекалык негизде батир алууну пландап, арыз таштагандан 6 ай өтсө да, акча алыша элек. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин Мамлекеттик ипотекалык кредит алууга кызыктардыгын билдирип, 780 адам кайрылган. Ипотекалык компаниянын Оштогу кеңесесинин адиси Гүлназ Мамашеванын айтуусунда, кайрылган жарандардын ичинен…

Прочитайте больше

Кыргызстандык каары Асылбек Таштемиров Мединада куран жарышка калыстык кылууда

Кыргызстандык каары Асылбек Таштемиров Мединада куран жарышка калыстык кылууда

Сауд Аравиянын Медина шаарында маркум падыша Абдулазиз Ал-Сауддун каарыларды сыноо боюнча дүйнөлүк куран конкурсунда КМШ мамлекеттеринин атынан Арашан айылындагы Абдулла ибн Аббас Куран жаттоо медресесинин мүдүрү Асылбек каары Таштемиров калыстык кылууда. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы кабарлады. Ошондой эле Сауд Аравиядан илимдин эки доктору, Ирактан, Ливиядан барган белгилүү каарылар калыстык кылып жатканы айтылат. “Куран конкурсуна 116 мамлекет чакырылган болсо, 16 өлкөнүн каарылары белгисиз себептерден улам келбей калышкан. Мындан улам дүйнөнүн 100 өлкөсүнөн барган каарылар эки…

Прочитайте больше

Бишкектин айрым аймактарына 3 күн газ берилбейт

Бишкектин айрым аймактарына 3 күн газ берилбейт

11-октябрга чейин  Бишкектин бир катар аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт. “Газпром Кыргызстан” ишканасы маалымдагандай, 8-9- октябрда Орто-Сай айылынын Лесхозная, Карбоз уулу, Иманалиев, Ормокеев, Рысмендеев көчөлөрүнүн аймагында; — 9-10-октябрда Бишкек шаарынын Власов 57-95 көчөсүндө; -10-11-октябрда Бишкек шаарынын Шукуров 81-89 көчөсүндө өчөт. Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Прочитайте больше

Эмне үчүн ымыркайларга суу бербеш керек?

Эмне үчүн ымыркайларга суу бербеш керек?

Чоң адамдардын организми сууну көп талап кылат. Ал эми жаш балдарда андай эмес. Жаш балдардын организми чоң адамдардыкындай сууну керектей албайт. Ымыркайлардын организми сууну талап кыла тургандай жетилген эмес. Атүгүл бир нече жутум сууну дагы керектөөгө жөндөмү жок. Бул тууралуу ISNA агенттиги Business Insider агенттигине  шилтеме берип маалымдады. Чоң кишинин денесинин 50-60 пайызы суудан турат. Бирок, ымыркайлардын денесинин 75-85 пайызын суу түзөт жана натыйжада, наристелер алты айга толгуча суу ичпеши керек. Ар бир адамдын бөйрөгү, андагы суу…

Прочитайте больше