Мьянма мусулмандарын кыруу дагы деле уланууда.

ruРусский

БУУ Мьянмадагы мусулмандардын геноциди уланып жатканын билдирди. Бул тууралуу Mehr агенттиги Associated Press маалыматына шилтеме берип кабарлады.

БУУнун Мьянма боюнча атайын репортеру 24-октябрда Рохиньгиянын мусулмандарын кыруу дагы деле уланып жатканын жарыялап, Мьянма өкмөтү өлкөдөгү бардык жарандарга карата демократиялуу шарт түзүп берүүгө аракет жасабай жатканын билдирген.
БУУнун Мьянма боюнча атайын репортеру өткөн жылы Мьянмада 400 миң мусулмандар Бангладешке качып кете албай өлкөдө калышып, учурга чейин Мьянманын өкмөттүк жана аскердик штабадары аркылуу катуу чектөөлөргө жана кыйноолорго кабылып жатышканын белгилеп кетти.
Белгилей кетсек, Мьянманын мусулман тургундары 2 жылдан бери өлкөнүн радикалдуу буддисттеринин катуу кысым кыйноолоруна кабылышкан. Алардын 500 миңдейи бул азаптарга чыдабай Бангладешке качып кетишкен.

Комментарий жиберүү