Сионисттик режимдин согушкерлери Газаны бомбалашты.

Сионисттик режимдин согушкерлери 25-октябрда таң эрте Газа тилкесине ракеталык чабуул жасашты.

Бул тууралуу Parstoday агенттиги Палестинанын маалымат булактарына шилтеме берип маалымдады.
Берилген кабарларга караштуу сионисттик режимдин согушкерлери Газанын түндүк жана түштүк тилкесинде жайгашкан палестиналык коргонуучу аскерлердин жайларын бомбалашкан. Азырынча бул кол салуудан зыян тарткандар боюнча маалыматтар бериле элек.
Белгилей кетсек, сионисттик режимдин күчтөру 24-октябрда кечкисин Чыгыш Рафах жана Газа тилкесинин түштүгүндөгү палестиналык аскерлерге ок атышып, 8 палестиналыкты жарадар кылышкан. Ошондой эле сионисттердин учкучсуз учактары дагы кечээ Газа тилкесине бомба ташташкан.
Эске салсак, сионисттик режим өткөн декабрдан бери Газага карата чабуул жасап башташкан. Ал убакыттан бери Газанын миңдеген палестиналыктары курман болушкан. Газа тилкеси 2006-жылдан бери жер, аба жана дарыя аркылуу курчоого алынган жана бул шаардын тургундары бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрүшүүдө.

Комментарий жиберүү