Индонезияда 180ден ашуун жүргүнчүсү бар “Боинг” учагы деңизге кулады

Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Индонезиялык “Lion Air” авиакомпаниясына таандык “Boeing 737-800” үлгүсүндөгү жүргүнчү  учагы борбор шаар Жакартанын аэропортунан учуп чыккандан кийин кырсыкка кабылган.

Маалыматка караганда, учак Жакартадан Индонезиянын Банка аралындагы Панкалпинанг шаарына багыт алып учуп чыккандан 13 мүнөт өткөндөн кийин радардан чыгып кеткен.

Берилген маалыматтарга караганда, деңиз үстүнөн учактын сыныктары табылган жана азыркы учурда издөө иштери уланып жатат.
Индонезиянын транспорт министрлиги учакта 188 адам болгонун билдирди. Ошондой эле жүргүнчүлөрдүн арасында бир жаш бала жана эки жаш наристе болгону айтылууда.
“Lion Air” – Индонезиядагы эң чоң менчик авиакомпания. Анын карамагында 100дөн ашык учак бар.

Комментарий жиберүү