Күнүнө баңгизат колдонуудан 200 америкалык каза табат

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Америкада жыл сайын баңги затты ашыкча колдонуудан каза тапкандардын саны, көкүрөк рак оорусунан, жол кырсыгы жана куралдуу кол салуудан өлгөндөрдүн санынан бир топ эсе жогорулоодо.
Учурда Американын 12 жаштан жогорудагы жарандарынын 24 миллиондон ашууну баңги зат колдонушат. Ал эми дүйнөдө  марихуананы эң көп  колдонгон өспүрүмдөр америкалыктар болуп саналышат.

Берилген кабарларга караштуу, бул өлкөдө ар бир 15 мүнөттө 1 наркоман бала төрөлөт. Америка өкмөтү 2004-2018-жылга чейин наркоман балдардын абалын жакшыртууга 2,5 млрд. доллар сарпташкан, бирок алардын айрымдары гана оңолушкан. Ошондой эле Америка аялдарынын  50%ы спирт ичимдиктерине берилишсе, 20%ы баңги зат колдонушат.Күнүнө баңгизат колдонуудан 200 америкалык каза табат

Комментарий жиберүү