Жүздөгөн рохиньгиялык мусулмандар Арабстандын түрмөлөрүндө камалышууда.

Радикалдуу буддистерден запкы көргөн рохиньгиялык жүздөгөн аял-эркектер көптөн бери Арабстандын түрмөлөрүндө мөөнөтсүз камакка алынышкан.
ИКНА агенттигинин маалыматына ылайык,Мьянма аскерлеринин өлкөдөгү мусулмандар отурукташкан аймактарга кол салууларынан бери, мусулмандар көптөгөн өлкөлөргө качып кетишкен.
Алардын бир канчалары жасалма паспорттор менен Арабстанга киришип, арабстандын полициялары аркылуу камакка алынышкан.
Мьянмалык мусулмандардын жасалма паспорт алууларынын себептери, Мьянма өкмөтү мусулмандарды өз өлкөсүнүн жараны катары расмий түрдө тааныбастан, мыйзамдуу паспорт бербегендиктен улам болгон.
Mydlayst агенттиги 4 ай иликтөө жүргүзүп, Арабстан камактарында камалышкан рохиньгиялык мусулмандардан акыбалдары тууралуу маалыматтарды топтошкон. Берилген маалыматтарга караштуу учурда Арабстан камактарында жүздөгөн рохиньхиялык аял-эркек, баладар мөөнөтсүз камакка алынышкан. Алардын арасында камактагы начар абалдан айрымдары каза табышууда. Ал эми Арабстан өкмөтү камактагылардын иш кагаздары кандай чечилээри боюнча эч кандай маалымат берише элек.

Комментарий жиберүү