Америкалык мусулман ырчы президенттикке өз талапкерлигин койду

ruРусский

Бул тууралуу ИКНА агенттиги News 24th маалымат порталына шилтеме берип маалымдады.
Түбү синегалдык Американын хип-хоп аткаруучусу Алиум Дамала Бадара Эйкон Тиам  гезитине берген маегинде 2020-жылда өтө турган президенттик шайлоолорго ат салышаарын билдирген. Ал  ошондой эле Синегалдын туристтик шаарларында виртуалдык валюта базарын ачуу долбоорун уланта бере турганын кошумчалап кеткен.
Эйкон президент Дональд Трампты сынга алып мындай деген: Мен Американын учурдагы абалына тынчсызданам жана өлкөдө зордук-зомбулук күчөп жатканына жаным кейийт.

Белгилей кетсек, Эйкон акыркы мезгилдерде Африка өлкөлөрүндө кайрымдуулук иштерин алып барууда жана ал жерлерде мектептерди, ооруканаларды курууда.

Комментарий жиберүү