Трамптын Кудска каршы чечиминен бери 316 палестиналык шеит болду

ИКНА агенттигинин маалыматына ылайык, курман болгон 316 палестиналыктардын арасында 68и аял жана 19у балдар болгон.
Борбордун берген маалыматы боюнча, Газа тилкесиндеги “Жерди кайтаруу” демонстрациясында 204 палестиналык атуул сионисттер аркылуу өлтүрүлүшкөн.

Кудс борбору Палестина автономиясына тиешелүү болгон укуктук уюмдардан Тель-Авивди бул жынаяттары үчүн жоопко тартылуусу боюнча иш-аракет кылууларын талап кылган.

Эске салсак, Дональд Трамп 2017-жылы декабрда Кудсту сионисттик режимдин расмий борбор калаасы катары жарыялаган. Анын бул чечими араб жана Ислам өлкөлөрүнүн, ошондой эле эл аралык коомчулуктун бир топ нааразычылыктарын туудурган.

Комментарий жиберүү