Самийъуль Хактын уулу Пакистандын Ислама алымдар жамааты партиясынын лидери болуп шайланды

Fars агенттигинин Исламабаддагы кеңсесинин маалыматына ылайык,  Пакистандын ММКлары талибандардын өлтүрүлгөн диний лидери Самийъул Хактын ордун анын уулу ээлегинин жарыялашты.
Хамед аль-Хак атасынын өлтүрүлгөндүгү тууралуу мындай деп билдирген: Самийъул Хак өкмөткө каршы демонстрацияга катышуу максатында Равальпандиге келип, көчөлөр жабык болгондуктан Исламабадга өтүп бара албай, өз турагында эс алып жаткан учурда белгисиз адамдар аркылуу бычакталып кеткен.

Белгилей кетсек, кийинчерээк анын өлүмүн ИШИМ террордук тобу өз мойнуна алган.
Пакистандын премьер-министри Умран Хан Самийъул Хактын өлтүрүлүшүн айыптап,  анын үй-бүлөсүнө көңүл айткан.
Ал эми Пакистандын Ислам жамааты аалымдарынын “ Фазл-аррахман партиясынын лидери Фазлурахман, аны өлтүргөндөр тез арада кармалып, жазалануусун талап кылган.
Эске салсак, Пакистанда Ислам аалымдар жамаатынын эки негизги бутагы бар, ал: “Самийъулхак партиясы менен “Фазл аррахман” партиялары.
Учурда Самийъулхак партиясынын жетекчилиги Хамед  аль-Хакка өткөрүлүп берилди.

Комментарий жиберүү