Арабстан Хашыкжынын жиликтелип өлтүрүлгөнүн мойнуна алды.

ruРусский

Арабстан Жогорку сотунун басма сөз качысы Хашыкжынын өлүмү боюнча жаңы билдирүү жасады.
Бул тууралуу Мехр агенттиги “ан-Нашра” маалыматына шилтеме берип маалымдады.
Арабстандын Жогорку сотунун басма сөз катчысы Жамал Хашыкжы Туркиянын Арабстан консулдугунда жиликтелип өлтүрүлгөнүн расмий түрдө жарыялады. Ал ошондой эле мындай деп кошумчалады: “Ахмад Усейри Арабстандын маалыматтар уюмунун мурдагы президентинин орун басары Хашыкжыны өлтүрүүгө атайын бир террордук топ уюштурган. Хашыкжынын өлүмү боюнча иш кагазда 11 адам шектүү деп катталган. Алар Стамбулдагы консулдугубузга баруу менен Хашыкжынын Арабстанга кайтып келүүсүн талап кылышкан. Бирок аны консулдуктан чыгара албай коюшкан соң, бул жынаятка барышкан. Бул топтун 5 мүчөсүнө өлүм жазасы талап кылынууда. Хашыкжынын денеси жиликтелинген соң, консулдуктан чыгарылып, бир түрк адамга тапшырылган.”
Бул сот мындай деп баса белгиледи: Жогорку сот Хашыкжынын өлүмүнө себептүүлөргө өлүм жазасын беремекчи. Учурда падышачылыктын мурдагы кеңешчиси Сауд аль-Кахтаниге өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Комментарий жиберүү